Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасына жаңы башкы машыктыруучу дайындалды. Бул чечим Кыргыз футбол биримдигинин (КФБ) Аткаруу комитетинин 25-августтагы жыйынында кабыл алынды.
Улуттук кураманы мындан ары Урмат Абдукаимов жетектейт. Ал буга чейин Кыргызстандын U-23 олимпиадалык курама командасынын башкы машыктыруучусу болуп иштеген.
Ал эми Кыргызстандын U-23 олимпиадалык курама командасынын башкы машыктыруучусу болуп Надирбек Мамадалиев дайындалды.
Буга чейин улуттук кураманы жетектеп келген Роберт Просинечки менен кызматташуу тараптардын өз ара макулдашуусу менен токтотулду. Ал башкы машыктыруучу болуп 2025-жылдын декабрында дайындалган.
КФБ жаңы башкы машыктыруучу алдыдагы эл аралык мелдештерге, анын ичинде 2027-жылкы Азия кубогуна даярдык көрүүнү камсыздай турганын билдирди.
Мындан тышкары, жыйында клубдарды лицензиялоо, VAR системасына байланыштуу чыгымдар, калыстардын сый акысы жана 2026–2027-жылдардагы футзал боюнча Кыргызстандын чемпионатынын регламенти каралды.
Ошондой эле Кара-Ой айылында КФБнын спорттук көп функционалдуу комплексин куруу долбоору тааныштырылды.