Кыргыз-Россия экономикалык форумунда жалпы суммасы 800 миллион долларды түзгөн жаңы келишимдерге кол коюу пландалып жатканын Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев билдирди.
Анын айтымында, долбоорлор кайра иштетүү өнөр жайын, өнөр жай секторун, ошондой эле чакан жана орто бизнести камтыйт.
Каражаттын бир бөлүгүн ата мекендик каржы институттары жана коммерциялык банктар аркылуу каржылоо каралууда.
Амангелдиев Министрлер кабинети Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондунун ишмердүүлүгүн мындан ары да бюджеттик жана башка механизмдер аркылуу колдоону улантарын белгиледи.
Ошондой эле ал бүгүн валюта своп операциясы жүргүзүлгөнүн айтып, анын натыйжасында Кыргыз-Россия өнүктүрүү фонду долбоорлорду улуттук валюта — сом менен каржылоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болгонун билдирди.