Мас айдоочулар бир айда 126 млн сом айыпка жыгылды

/ Коом / 3

Кыргызстанда мас абалында унаа башкарууга жоопкерчилик күчөтүлгөндөн кийин да мыйзам бузгандар катталууда.

Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо кызматынын маалыматына ылайык, жаңы талаптар күчүнө кирген 20-июндан кийинки бир айда 1 500дөн ашуун мас айдоочу аныкталып, аларга 126 млн сомдон ашык айып пул салынган.

Жалпысынан 2026-жылдын алты айында өлкө боюнча мас абалында унаа башкарган 9 600дөн ашуун айдоочу катталган.

Жаңы мыйзамга ылайык, мас абалда унаа айдаган айдоочу 2 жылга транспорт башкаруу укугунан ажыратылып, 80 миң сом айып пул төлөйт. Эгер мас абалындагы айдоочунун катышуусунда адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыгы болсо, жаза 10 жылга чейин эркинен ажыратууну жана 12 жылга чейин унаа башкарууга тыюу салууну карайт.

Адистердин айтымында, адам өлүмү менен аяктаган жол кырсыктарынын негизги себептеринин арасында мас абалда айдоо, каршы тилкеге чыгуу жана ылдамдыкты ашыруу турат.

Мекемелер айдоочуларды спирт ичимдигин колдонгондон кийин рулга отурбоого чакырып, коопсуздук үчүн такси же башка альтернативаларды пайдаланууну эскертүүдө.

Бөлүшүү https://infogo.kg/mas-ajdoochular-bir-ajda-126-mln-som-ajypka-jygyldy/