Бишкектин Ленин райондук соту 29-сентябрда активист Мавлян Аскарбековду эки жылга эркинен ажыратты. Өкүмдү судья Темирбек Маматов чыгарды.
Сот Аскарбековду Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 1-бөлүгү — «Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу» беренеси боюнча күнөөлүү деп тапты.
Ал жазасын жалпы режимдеги түзөтүү колониясында өтөйт. Соттун чечимине Бишкек шаардык сотуна даттанууга болот.
Аскарбеков социалдык тармактардагы чет өлкөлүк жарандар тууралуу жарыялары үчүн айыпталган. Ал өзүнө коюлган айыпты четке кагып келген.
13-июнда Ленин райондук соту аны УКМКнын СИЗОсунда 12-августка чейин камакка алуу чечимин чыгарган. Ал эми 28-сентябрда мамлекеттик айыптоочу активистти төрт жылга эркинен ажыратууну сураган.