MCN Coinдин эки негиздөөчүсү абактан бошотулду

/ Коом / 51

MCN Coin каржы пирамидасынын негиздөөчүлөрүнүн бири Исрадин Субанбеков жана Бегмат Мухтар уулу 5 жылдык пробациялык көзөмөл менен абактан бошотулду. Бул маалыматты 27-сентябрда Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы тастыктады.

Соттун маалыматына караганда, тиешелүү чечим 18-сентябрда кабыл алынган. Субанбеков 14 жабырлануучунун акчасын кайтарып берген. Мындан тышкары, дагы 9 жабырлануучуга келтирилген чыгымды алты айдын ичинде төлөп берүүгө милдеттендирилген.

Эске салсак, 2025-жылдын февраль айында УКМК MCN Coin криптоактивине байланыштуу бир нече адамды кармаган.

Кийин ИИМдин маалыматы боюнча, аталган криптоактивге акча салган 898 адамга 1 млн 700 миң доллардан ашык каражат кайтарылган.

Бөлүшүү https://infogo.kg/mcn-coindin-eki-negizdoochusu-abaktan-boshotuldu/