Кыргызстандын миграциялык мыйзамдарын бузган 450дөн ашуун чет өлкөлүк жаран соттун чечими менен өлкө аймагынан чыгарылды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Милициянын маалыматына ылайык, акыркы убактарда чет өлкөлүк жарандар тарабынан коомдук тартипти жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузган учурлар катталууда.
Миграциялык мыйзамдардын талаптарын бузгандыгы үчүн 7,9 миңден ашуун чет өлкөлүк жаран административдик жоопкерчиликке тартылган. Аларга салынган айып пулдардын жалпы суммасы 65 миллион сомдон ашты.
Ошондой эле 39 адам кылмыш жоопкерчилигине тартылган.
Чет өлкөлүк жарандарды ишке тарткан айрым уюмдарга да мыйзам талаптарын бузгандыгы үчүн административдик чаралар көрүлүп, тиешелүү айып пулдар салынган.
Учурда Бишкек ШИИББинин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматы алдын алуу жана түшүндүрүү иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүп жатат.
Акыркы күндөрү эле мындай иш-чаралар Бишкектеги 12 курулуш компаниясында өткөрүлгөн. Ага 1,5 миңден ашуун чет өлкөлүк жаран катышып, алардын басымдуу бөлүгүн Кытайдын жарандары түзгөн.
Жолугушуулардын жүрүшүндө чет өлкөлүктөргө Кыргызстандын мыйзамдарын сактоо, коомдук тартипти бузбоо, өлкөнүн каада-салттарына жана маданиятына урмат менен мамиле кылуу талаптары түшүндүрүлүүдө. Ошондой эле мыйзам бузган учурда каралган административдик жана кылмыш жоопкерчилиги тууралуу маалымат берилүүдө.
Мындан тышкары, Бишкектеги көңүл ачуучу жайларда күн сайын саат 21:00дөн түнкү 02:00гө чейин профилактикалык иш-чаралар өткөрүлүп жатат. Алардын максаты — укук бузуулардын алдын алуу жана коомдук тартипти камсыз кылуу.
Милиция чет өлкөлүк жарандар Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн учурда өлкөнүн мыйзамдарын так сактоого милдеттүү экенин эскертти.