Кыргызстанда кой эти арзандап, пияз менен жумуртка кымбаттады

/ Экономика / 5

Кыргызстанда акыркы бир жумада кой этинин баасы 0,2 пайызга төмөндөдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин азык-түлүк баалары боюнча жүргүзгөн мониторингинде айтылат.

23-июлга карата пияз 3,5 пайызга, сабиз 3 пайызга, тоок жумурткасы 2,7 пайызга кымбаттаганы аныкталды. Ошондой эле макарон, жергиликтүү буудай уну, тандыр нан, уй эти жана кумшекердин баасы да бир аз жогорулаган.

Министрлик азык-түлүк бааларын Казакстан жана Россиядагы көрсөткүчтөр менен да салыштырып, коңшу өлкөлөрдө да айрым азык-түлүк товарларынын баасы өзгөргөнүн белгиледи.

Бөлүшүү https://infogo.kg/kyrgyzstanda-koj-eti-arzandap-piyaz-menen-jumurtka-kymbattady/