Социалдык тармактарда күзөт милициясынын кызматкерине орой мамиле жасап, өзүн милиция кызматкери катары тааныштырган жарандын видеосу боюнча текшерүү башталды.
Ош ШИИБ билдиргендей, окуя Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки териштирүү жүргүзүлүүдө.
Текшерүүнүн жүрүшүндө видеодо көрүнгөн адам Бангизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү кызматынын кызматкери эмес экени аныкталды. Ал 1997-жылы туулган А.А.А. аттуу жаран болуп, күч түзүмдөрүнө эч кандай тиешеси жок.
Учурда окуянын бардык жагдайлары такталып жатат. Текшерүүнүн жыйынтыгында мыйзам чегинде укуктук баа берилери маалымдалды.