Кыргызстандын Улуттук банкы «Тарыхый окуялар» сериясындагы «Эгемен Кыргыз Республикасына 35 жыл» аттуу алтын коллекциялык монетаны жүгүртүүгө чыгарды. Ал өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган.
Монетанын номиналдык баасы — 100 сом. Ал 999 үлгүдөгү таза алтындан жасалып, салмагы 7,78 граммды, диаметри 22 миллиметрди түзөт. «Proof» сапатында чыгарылган монетанын жалпы нускасы болгону 1000 даана.
Алдыңкы бетинде Кыргызстандын желбиреген мамлекеттик туусунун фонунда алдыга басып бараткан ак илбирс тартылган. Бул образ өлкөнүн күчүн, улуулугун жана жаратылыш байлыгын билдирет.
Арткы бетиндеги «35» санынын ичинде Кыргызстандын герби жайгаштырылып, композиция кыргыздын курак өнөрүнүн элементтери менен толукталган. Ошондой эле монетада чыгарылган жылы, алтындын сапат белгиси жана салмагы көрсөтүлгөн.
Коллекциялык монета Кыргызстандын аймагында расмий төлөм каражаты болуп эсептелет. Ар бир нуска акрил капсулага салынып, сапат сертификаты жана өзүнчө кутусу менен берилет.
Монета Улуттук банктын мекемелеринин кассаларында иш күндөрү саат 09:00дөн 14:00гө чейин 99 460 сомдон сатылат.
