Министрлик: Алимент төлөбөй жүргөн жаранды жумушка орноштурдук

/ Коом / 6

Бишкекте алимент төлөө милдетин аткарбай жүргөн жаранга жумуш табууга көмөк көрсөтүлдү.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, Сот аткаруучулар кызматынын кайрылуусунан кийин ага бир нече бош жумуш орундары сунушталган. Натыйжада ал «Бишкек Парк» соода борборунун күзөт кызматына жумушка орношту.

Министрлик жумушсуз болуу жаранды мыйзамда каралган алимент төлөө милдетинен бошотпой турганын эскертти.

Ошондой эле Сот аткаруучулар кызматы мамлекеттик органдар менен биргеликте жумуш издеген жарандарды ишке орноштурууга көмөк көрсөтө алары белгиленди.

Мекеменин маалыматына караганда, мындай тажрыйба сот чечимдеринин өз убагында аткарылышына жана балдардын мыйзамдуу укуктарын коргоого өбөлгө түзөт.

Бөлүшүү https://infogo.kg/ministrlik-aliment-toloboj-jurgon-jarandy-jumushka-ornoshturduk/