Министрлик: Арашан породасындагы койлордун экспорту баага таасир этпейт

/ Бизнес / 6

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Өзбекстанга экспорттолгон 169 баш арашан породасындагы койго байланыштуу түшүндүрмө берди.

Министрдин биринчи орун басары Илич Марсбек уулунун айтымында, экспорттолгон мал асыл тукум категориясына кирет жана анын ар бир башынан мамлекеттик бюджетке 17 миңден 20 миң сомго чейин тиешелүү төлөм түшөт.

Министрликтин маалыматына ылайык, арашан породасындагы койлор жогорку генетикалык баалуулукка ээ болгондуктан, алардын экспорту ички рыноктогу койдун же эттин баасына таасир бербейт. Асыл тукум малды өстүрүү, селекциялоо жана экспортко даярдоо олуттуу чыгымдарды талап кылары белгиленди.

Буга чейин Кыргызстанда товардык багыттагы койлорду экспорттоого убактылуу чектөө киргизилген. Министрлик бул чечим ички рынокто эттин баасын туруктуу кармоо максатында кабыл алынганын эске салды.

Бөлүшүү https://infogo.kg/ministrlik-arashan-porodasyndagy-kojlordun-eksportu-baaga-taasir-etpejt/