Ошто экстремисттик материал тараткан аял кармалды

/ Окуялар / 2

Ош облусунда социалдык тармактар аркылуу тыюу салынган экстремисттик материалдарды жайылтууга шектелген аял кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Милициянын маалыматына караганда, шектүү Ош облустук ички иштер башкармалыгынын Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын кызматкерлери тарабынан аныкталган.

Жүргүзүлгөн экспертизалардын корутундусунда аял социалдык тармактарда Кыргызстанда тыюу салынган экстремисттик жана террористтик уюмдарга байланыштуу материалдарды тараткандыгы көрсөтүлгөн.

Топтолгон материалдардын негизинде эки факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренеси — «Экстремисттик материалдарды даярдоо жана таратуу» боюнча кылмыш иштери козголгон.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1988-жылы туулган Б.М. аттуу жаран кармалган. Учурда тергөө аяктап, кылмыш ишинин материалдары соттун кароосуна жөнөтүлдү.

Ошондой эле бул ишке тиешеси болушу мүмкүн болгон башка жарандарды аныктоо боюнча тиешелүү иш-чаралар уланууда.

Бөлүшүү https://infogo.kg/oshto-ekstremisttik-material-taratkan-ayal-karmaldy/