Бишкек жана Чүй облусундагы биринчи звенодогу педиатрлар балдардагы онкологиялык ооруларды эрте аныктоо боюнча окутуудан өтөт.
«Эрте диагностикадан туура диагнозго» деп аталган долбоор Кыргызстанда ишке ашырылат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан радиосуна Улуттук эне жана баланы коргоо борборунун балдар онкологиясы бөлүмүнүн башчысы Султан Стамбеков билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстан балдар арасындагы рак менен күрөшүү боюнча глобалдык демилгеге катышууда. Дарыгерлерди окутуу боюнча сунушталган долбоор каржылык колдоого ээ болгон.
Долбоордун алкагында педиатрларга усулдук материалдар берилип, тренингдер өткөрүлөт. Ошондой эле балдар арасында кеңири кездешкен онкологиялык оорулардын негизги белгилери кеңири түшүндүрүлөт.
Мындан тышкары, балдар онкологиясында иштеген медайымдардын билимин жогорулатуу каралган.
Долбоордун негизги максаты балдардагы рак ооруларын кеч стадияга жеткирбей, мүмкүн болушунча эрте аныктоо.