Президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январына дайындалды

/ Бийлик / 3

24-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар «Кыргыз Республикасынын Президентинин кезектеги шайлоосун дайындоо жөнүндө» токтом долбоорун кабыл алышты.

Ага ылайык өлкө башчысын шайлоо 2027-жылдын 27-январына дайындалды. Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев шайлоо күнү аптанын шаршемби күнүнө туш келгендигин себебин түшүндүрдү.

«Шайлоочулардын катышуусун көбөйтөлү деп атайын жумушчу күнгө — шаршембиге белгиледик. Эл көп келсе ар кандай коррупциялык схемаларга бөгөт коюлат. Жумушчу күнү ким келип шайлоого катышса ошол күндөгү маянасы сакталат. Бирок барбай калса, эмгек акысы эсептелбейт», — деди төрага.

Бөлүшүү https://infogo.kg/prezidenttik-shajloo-2027-jyldyn-27-yanvaryna-dajyndaldy/