Путин жаңы мыйзамга кол койду: Мигранттардын 18 жаштагы балдары өлкөдөн чыгууга милдеттүү

/ Дүйнөдө / 2

Орусиянын президенти Владимир Путин эмгек мигранттары жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн өлкөдө жүрүү тартибин катаалдаткан мыйзамдар топтомуна кол койду.

Жаңы эрежеге ылайык, мигранттардын балдары 18 жашка толгондон кийин 30 күндүн ичинде Орусиядан чыгып кетүүгө милдеттүү болот. Алар өлкөдө жашоого башка мыйзамдуу негиз болгондо гана кала алышат.

Ошондой эле 18 жашка чыккан чет өлкөлүк жаран ушул эле мөөнөт ичинде өз алдынча эмгек патентин алуу үчүн арыз берип, белгиленген аванстык салык төлөмүн төлөй алат. Мындай учурда билим тууралуу документ талап кылынбайт.

Жашы жете элек балдардын өлкөдө болуу мөөнөтү ата-энесинин эмгек патентинин жарактуу мөөнөтүнө жараша аныкталат. Эгер ата-энесинин патенти узартылбаса же жокко чыгарылса, үй-бүлө башка мыйзамдуу негиз жок болсо, 15 күндүн ичинде Орусиядан чыгып кетүүгө тийиш.

Мыйзамдар мигранттардын кирешесине карата талаптарды да күчөтөт. Эми алар өздөрүн жана үй-бүлө мүчөлөрүн жашаган аймактагы жашоо минимумунан төмөн эмес деңгээлде камсыздай аларын ырастоого милдеттүү.

Мындан тышкары, салык органдары мигранттардын кирешеси тууралуу маалыматтарды Ички иштер министрлигине үзгүлтүксүз берип турат. Эгер киреше белгиленген деңгээлден төмөн болсо же ал тууралуу маалымат жок болсо, эмгек патенти же иштөөгө уруксат узартылбай калышы мүмкүн.

Ошондой эле административдик укук бузуулардын тизмеси кеңейтилип, айрым учурларда чет өлкөлүк жарандарды Орусиядан мажбурлап чыгарууга негиз боло турганы белгиленди.

Бөлүшүү https://infogo.kg/putin-jany-myjzamga-kol-kojdu-migranttardyn-18-jashtagy-baldary-olkodon-chyguuga-mildettuu/