Садыр Жапаров Балыкчы — Кочкор темир жолун ачып, баасын айтты

/ Экономика / 2

Президент Садыр Жапаров Балыкчы — Кочкор темир жолунун жана Нарын облусундагы жаңы “Кочкор” станциясынын салтанаттуу ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы жаңы станцияга поезд менен келип, курулган темир жолдун сапатын жеринен текшерди. Садыр Жапаров өз сөзүндө бул окуя көз карандысыз Кыргызстандын тарыхындагы маанилүү күндөрдүн бири экенин белгиледи.

Узундугу 63 чакырым болгон Балыкчы — Кочкор темир жол тилкеси Балыкчы — Кара-Кече — Макмал ири темир жол долбоорунун биринчи этабы болуп саналат.

Президент жаңы темир жол толугу менен Кыргызстандын өз күчү жана ички мүмкүнчүлүктөрү менен курулганын өзгөчө белгиледи.

“Курулуш учурунда 1 миллион кубометрге жуук жардыруу иштери жүргүзүлүп, 8 чакырым тоолуу аймак тазаланды. Темир жолдун 1 чакырымына 955 миң доллар сарпталды. Салыштыруу үчүн айтсам, чет элдик компаниялар 1 чакырым үчүн 4,8 миллиондон 6,8 миллион долларга чейин сунушташкан. Бул өтө кымбат экенин түшүнүп, «жолду баскан арбытат» деп тобокелчиликке салып, ишти өзүбүз колго алдык”, — деди президент.

Садыр Жапаров темир жол куруу техникалык жактан татаал жана ири каражатты талап кылганына карабастан, Кыргызстан бул долбоорду чет элдик компаниялар сунуштаган баадан кыйла арзан ишке ашыра алганын билдирди.

Мамлекет башчысы Түндүк — Түштүк альтернативдик автожолунун курулушун да мисал келтирди. Анын айтымында, аталган долбоордо жолдун бир чакырымына 2,5 миллион доллар каралганы менен курулуш ушул күнгө чейин толук аяктай элек. Президент бөлүнгөн каражаттын жарымынан көбү уурдалып кеткенин да кошумчалады.

Темир жол аркылуу жүк жана жүргүнчү ташуу көбөйдү

Президент өлкөнүн темир жол тармагындагы акыркы көрсөткүчтөргө да токтолду.

2025-жылдын жыйынтыгы боюнча темир жол аркылуу ташылган жүктүн көлөмү 11 миллион тоннага жеткен. Бул 2021-жылдагы көрсөткүчкө салыштырмалуу 36 пайызга көп.

Ошондой эле 2021-жылы темир жол транспортун 255 миң жүргүнчү колдонсо, 2025-жылы алардын саны 432 миң адамга жеткен.

Бул көрсөткүчтөр өлкөдө темир жол транспортунун мааниси жана ага болгон суроо-талап өсүп жатканын көрсөтөт.

Кочкор — Кара-Кече — Макмал темир жолу курулат

Кийинки этапта Кочкор — Кара-Кече — Макмал темир жолун куруу пландалууда. Долбоор ишке ашса, Кыргызстандын түндүгү менен түштүгү бирдиктүү темир жол магистралы аркылуу байланышат.

Мындан тышкары, жаңы багыт Кара-Кече көмүр кенин өлкөнүн өнөр жай борборлору менен түз байланыштырууга мүмкүнчүлүк берет.

Келечекте бул темир жол Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан эл аралык темир жол коридорунун бир бөлүгүнө айланып, Кыргызстандын транзиттик мүмкүнчүлүгүн кеңейтет. Долбоор өлкөнүн аймактагы маанилүү транспорттук жана логистикалык хаб катары калыптанышына шарт түзөрү күтүлүүдө.

Салтанаттын соңунда Садыр Жапаров темир жолдун акыркы бурамасын атайын ачкыч менен өзү бекитип, жаңы тилкенин ачылышын белгиледи.

Андан кийин президент жергиликтүү тургундар менен баарлашып, өлкөдө коюлган максаттарга жетүү жана ири долбоорлорду ишке ашыруу туруктуулуктун аркасында гана мүмкүн экенин айтты.

Бөлүшүү https://infogo.kg/sadyr-japarov-balykchy-%e2%80%94-kochkor-temir-jolun-achyp-baasyn-ajtty/