Шакира Бишкекке келет: билеттердин баасы 12 миңден 40 миң сомго чейин

/ Коом / 23

Шакира Бишкекте концерт берет. Колумбиялык дүйнөлүк жылдыз Борбор Азияда биринчи жолу сахнага чыгып, алгачкы концертин Кыргызстанда өткөрөт.

Бул тууралуу Кыргызстандын президентинин иш башкаруучусу Каныбек Тумөнбаев билдирди.

Анын айтымында, концерт 18-октябрда Бишкек Аренада өтөт. Иш-чара ырчынын Аялдар эми ыйлашпайт» дүйнөлүк турунун алкагында уюштурулат.

Буга чейин Шакиранын Бишкекте концерт берери айтылганы менен, так датасы белгисиз болчу. Ал тургай ырчы Кыргызстанга ноябрда келет деген маалыматтар тараган.

Эми концерттин датасы расмий түрдө 18-октябрь деп белгиленди.

Билеттерди сатуу 1-октябрда саат 09:00дө GovTicket мамлекеттик билет сервисинде башталат.

Билет баалары:

• Fanzone 1 / Fanzone 2 — 40 000 сом
• Ground admission — 27 000 сом
• Skybox — 30 000 сом
• 1-категория — 40 000 сом
• 2-категория — 34 000 сом
• 3-категория — 28 000 сом
• 4-категория — 22 000 сом
• 5-категория — 13 500 сом
• Көрүнүшү чектелген орундар — 12 000 сом

Билеттер 1-октябрда саат 09:00дө сатыкка чыгат.

Бөлүшүү https://infogo.kg/shakira-bishkekke-kelet-biletterdin-baasy-12-minden-40-min-somgo-chejin/