«Шакирага баргым келет»: Кыргызстандыктар кыздын кыялын орундатышты

/ Коом / 6

Кыргызстанда Шакиранын концертине барууну кыялданган кызга соцтармак колдонуучулары жардам беришти.

Кыз Threads’ке концертке баргысы келерин, бирок билет алууга каражаты жетпей жатканын жазып, элден жардам сураган. Бул билдирүү коомчулукта талкуу жаратып, айрымдар муну «попрошайничество» деп сындаса, башкалары кызды колдошкон.

Жыйынтыгында керектүү сумма бир суткага жетпей чогулду. Колдонуучулар 100 сомдон 5 500 сомго чейин которушкан. Алардын арасында блогерлер, ырчылар, ишкерлер жана жөнөкөй жарандар да бар.

Кыз чогулган акчага билетин сатып алды.

Кызыгы, мындан кийин башка кыргызстандыктар да Шакиранын концертине билет алуу үчүн өздөрүнө каражат чогулта башташты.

Эске салсак, Шакиранын концерти 18-октябрда «Бишкек Аренада» өтөт. Билеттердин баасы 12 миңден 40 миң сомго чейин.

Бөлүшүү https://infogo.kg/shakiraga-bargym-kelet-kyrgyzstandyktar-kyzdyn-kyyalyn-orundatyshty/