Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Украинадагы жаңжалды жөнгө салуу үчүн «Стамбул формуласына» кайтуу керектигин билдирди.
Бул тууралуу ал Омск шаарында өткөн Россия менен Казакстандын XXII аймактар аралык кызматташтык форумунун алкагында Владимир Путин менен жолугушууда айтты.
Токаевдин айтымында, «Стамбул формуласы 2.0» тынчтыкка жетүүгө негиз боло алат. Ал бул процесс ири мамлекеттердин, анын ичинде Орусиянын кепилдиги менен ишке ашырылышы керектигин белгиледи.
Ошол эле учурда Казакстандын лидери өлкөсү Украинадагы жаңжалда ортомчу болбой турганын айтып, Орусия бардык маселени өз алдынча чечүүгө кудуреттүү экенине ишенерин билдирди.
Өз кезегинде Владимир Путин Токаевге Украинадагы кырдаал боюнча маалымат берип турууга убада кылды.