АКШ президенти Дональд Трамп кесипкөй дипломат Стивен Гилленди Кыргыз Республикасындагы АКШнын элчиси кызматына көрсөттү. Ал кызматка киришиши үчүн анын талапкерлигин АКШ Сенаты бекитиши керек.
Гиллен АКШнын Жогорку дипломатиялык кызматындагы кеңешчи даражасындагы кызматкер. 2021-жылдын февралынан 2024-жылдын июнуна чейин АКШ президентинин барымта маселелери боюнча атайын өкүлүнүн орун басары болуп иштеген.
Буга чейин ал АКШнын Мамлекеттик департаментинин Демократия, адам укуктары жана эмгек бюросунда мамлекеттик катчынын жардамчысынын орун басары болуп, Жакынкы Чыгыш, эл аралык эмгек мамилелери, коопсуздук жана адам укуктары боюнча маселелерди көзөмөлдөгөн.
Дипломат ар кайсы жылдары АКШнын Минск, Багдад жана Сараево шаарларындагы элчиликтеринде, ошондой эле Ирактын Эрбил шаарындагы башкы консулдугунда иштеген.
17-сентябрда Сенаттагы угууда Эл аралык мамилелер комитетинин төрагасы Жим Риш жаңы элчинин алдында Кыргызстан менен инфраструктура, энергетика жана стратегиялык маанидеги пайдалуу кендер тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү милдети турганын белгилеген.
Ошондой эле АКШ менен Кыргызстандын Орусияга карата санкциялык режимди сактоо жана кош максатта колдонулуучу товарлардын жеткирилишин көзөмөлдөө боюнча кызматташтыгы талкууланары айтылган.
Гиллендин талапкерлиги Сенат тарабынан бекитилгенден кийин ал АКШнын Кыргызстандагы элчиси катары расмий ишке кирише алат.