Түнкү саат 3:00дө эвакуация: Баткендеги лагерди сел каптады

/ Коом / 4

Баткен районунда нөшөрлөгөн жаандан улам “Алтын Бешик” балдар эс алуу лагерине сел суусу кирди.

Кырдаалга байланыштуу түнкү саат 03:00дө лагерде эс алып жаткан балдар жана мугалимдер коопсуз жайга эвакуацияланды. Учурда алардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жок.

Азыр аймакта селдин кесепеттерин жоюу жана калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат.

Окуя болгон жерде район жетекчилиги болуп, тиешелүү кызматтарга коопсуздукту камсыздоо жана калыбына келтирүү иштерин тездетүү боюнча тапшырмалар берилди.

Бөлүшүү https://infogo.kg/tunku-saat-300do-evakuaciya-batkendegi-lagerdi-sel-kaptady/