Үч жыл бою аялын жана балдарын сабап жүргөн деп шектелген жаран кармалды

/ Кылмыш жана кырсык / 2

Токмокто үч жылдан бери жарандык жубайына жана жашы жете элек эки баласына үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүп келген деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы билдирди.

Маалыматка ылайык, 3-августта 1993-жылы туулган аял милицияга кайрылып, жарандык жолдошу аны жана эки баласын узак убакыттан бери сабап келгенин билдирген.

Тергөөнүн жүрүшүндө аял шектүү электр зымы жана күрөк менен уруп, денесине жаракат келтиргенин көрсөткөн. Арыз ээси менен анын эки баласына соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренесинин 3-бөлүгү («Үй-бүлөлүк зомбулук») менен кылмыш иши козголду.

1988-жылы туулган шектүү кармалып, Токмок шаардык ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда окуя боюнча тергөө иштери уланууда.

Бөлүшүү https://infogo.kg/uch-jyl-bou-ayalyn-jana-baldaryn-sabap-jurgon-dep-shektelgen-jaran-karmaldy/