Испания курама командасынын чабуулчусу Ламин Ямаль менен Норвегиянын жылдызы Эрлинг Холанддын рыноктук баасы 220 миллион еврого жетти. Transfermarkt порталынын жаңыланган баалоосунда эки футболчу тең дүйнөлүк рекорд койду.
2026-жылкы дүйнө чемпионатына чейин Ямаль менен Холанддын ар бири 200 миллион еврого бааланып келген. Турнирден кийин алардын наркы 20 миллион еврого жогорулады.
Ошентип, Ямаль менен Холанд дүйнөдөгү эң кымбат футболчулардын тизмесин жетектешти. Үчүнчү орунда Франция курама командасынын жана мадриддик «Реалдын» чабуулчусу Килиан Мбаппе турат. Анын рыноктук баасы 200 миллион евро деп көрсөтүлгөн.
Дүйнө чемпионатынан кийин бир катар жаш оюнчулардын да баасы кескин өстү. Испаниялык коргоочу Пау Кубарси менен аргентиналык жарым коргоочу Энцо Фернандес 100 миллион евролук чекке жетишти.
Англиялык Эллиот Андерсон менен Морган Рожерстин ар бири 110 миллион еврого бааланды. Андерсон турнирден кийинки жаңылоодо эң көп кымбаттаган футболчу болду — анын наркы 35 миллион еврого өстү.
Англиялык Жуд Беллингем менен Марокконун жаш таланты Аюб Буаддинин баасы 30 миллион евродон жогорулады.
Эске салсак, 2026-жылкы футбол боюнча дүйнө чемпионатын Испания курама командасы жеңди. Финалда испаниялыктар Аргентинаны кошумча убакытта 1:0 эсебинде утту. Негизги убакытта эсеп ачылган эмес. Жеңиш голун 106-мүнөттө «Барселонанын» чабуулчусу Ферран Торрес киргизген.
Белгилей кетсек, Transfermarkt көрсөткөн рыноктук баа футболчунун расмий сатуу баасы эмес. Бул — анын жашы, келишиминин мөөнөтү, оюндагы көрсөткүчтөрү жана башка факторлордун негизинде чыгарылган болжолдуу баалоо.