Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы союздаштык стратегиялык мүнөзгө ээ экенин билдирди.
Анын айтымында, эки өлкөнүн өнөктөштүгү документтерде гана эмес, күнүмдүк кызматташтыкта да көрүнүп турат.
«Орусия ар дайым Кыргызстандын жанында болду. Биз өлкөнүн көз карандысыз тандоосун урматтап, керек учурда жардам көрсөтүп келдик. Ошол эле учурда Кыргызстандын ички иштерине кийлигишкен жокпуз жана үстөмдүк кылууга умтулган эмеспиз», — деди Захарова.
Ал ошондой эле Кыргызстан да бул мамилеге ар дайым жооп кайтарып келгенин белгилеп, эки өлкөнүн байланышы расмий кызматташтык менен эле чектелбестен, үй-бүлөлүк, экономикалык, маданий жана билим берүү тармактарын да камтарын кошумчалады.