Казакстанда мектеп окуучуларына жасалма интеллектти 1-класстан тарта окутуу башталат. Бул үчүн мамлекеттик билим берүү стандартына, окуу пландарына жана программаларына өзгөртүүлөр киргизилди.
Эми 1–4-класстар үчүн «Санариптик сабаттуулук» сабагы «Санариптик сабаттуулук жана жасалма интеллект» деп өзгөртүлдү. Башталгыч класстын окуучуларына жасалма интеллекттин иштөө принциптери күнүмдүк турмуштагы жөнөкөй мисалдар аркылуу түшүндүрүлөт.
Мындан тышкары, окуучулар санариптик коопсуздук, жеке маалыматтарды коргоо, медиасабаттуулук жана интернеттеги жоопкерчиликтүү жүрүм-турум боюнча билим алышат.
Ал эми 5–11-класстардагы «Информатика» сабагы «Информатика жана жасалма интеллект» деп аталып, окуу программасына жасалма интеллектке байланышкан 43 жаңы окуу максаты киргизилди.
5–9-класстын окуучулары жасалма интеллект куралдарын окууда колдонууга, туура суроо түзүүгө, алынган жоопторду сын көз менен баалоого үйрөнүшөт. Ошондой эле киберкоопсуздук жана академиялык ак ниеттүүлүк маселелерине өзгөчө көңүл бурулат.
Казакстандын Агартуу министрлиги бул өзгөртүүлөрдүн максаты окуучуларды жасалма интеллектти колдонууга гана эмес, ага жоопкерчиликтүү мамиле жасоого үйрөтүү экенин билдирди.