«Кумтөр Голд Компани» кен мамлекеттик башкарууга өткөндөн бери Кыргызстан бюджетине салыктар жана башка милдеттүү төлөмдөр түрүндө 1,2 млрд доллардан ашык каражат которгон.
Бул тууралуу компаниянын директорлор кеңешинин төрагасы Болотбек Идирисов ШКУ өлкөлөрүнүн медиафорумунда билдирди.
Анын айтымында, мамлекеттик башкаруу мезгилинде компаниянын кирешеси болжол менен 5 млрд долларды, ал эми таза пайдасы 2,2 млрд долларды түзгөн. «Кыргызалтын» компаниясынын жалгыз акционери катары 741 млн доллардан ашык дивиденд алган.
Идирисовдун маалыматына ылайык, 2022-жылдын 23-августунда «Кумтөр» толугу менен мамлекеттин башкаруусуна өткөн. Бүгүнкү күндө ишкана өлкөдөгү ири өнөр жай ишканаларынын бири жана негизги салык төлөөчүлөрдүн катарына кирет.
Компания өндүрүш иштерин улантып, миңдеген кыргызстандыктарды жумуш менен камсыздап келет. Ошондой эле «Кумтөр Голд Компани» тарыхында биринчи жолу башка кенди — Тоголокту өз алдынча өздөштүрүү долбооруна инвестиция салууда.