14 жаштагы өспүрүм жездесине таандык унааны уруксатсыз башкарып, жолдо бара жаткан жеринен кайгуул кызматкерлери тарабынан токтотулду.
Маалыматка караганда, өспүрүмгө унааны башкарууга бергендиги үчүн анын жездесине 15 миң сом айып пул салынды.
Ал Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 184-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык жоопкерчиликке тартылган.
Кайгуул кызматы ата-энелерди жана унаа ээлерин жашы жете элек балдарга рулга отурууга жол бербөөгө чакырды.
Милиция мындай жоопкерчиликсиз мамиле жол кырсыгына жана оор кесепеттерге алып келиши мүмкүн экенин эскертти.