Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева диний окуу жайлардагы окуучулардын билим алуу укуктарынын сакталышы боюнча тынчсыздануусун билдирди.
Акыйкатчы институту 2025-жылы 7 облустагы 21 медресеге мониторинг жүргүзүп, бир катар мыйзам бузууларды аныктаган.
Текшерүүдө айрым медреселерде каттоо жана уставдык документтер жок экени, окуу программалары мамлекеттик стандарттарга жооп бербегени, санитардык-гигиеналык жана өрт коопсуздук талаптары сакталбаганы белгилүү болгон.
Ошондой эле айрым диний окуу жайлар катталган даректе иш жүргүзбөй, окуучулардан алынган төлөмдөр ачык-айкын эмес экени аныкталган.
Акыйкатчы институтунун маалыматына ылайык, көпчүлүк медреселерде диний билимге басым жасалып, мамлекеттик стандарттагы сабактар балдарга онлайн форматта гана берилет.
Мониторинг учурунда айрым учурларда жашы жете элек балдарды мыйзам талаптарын бузуу менен окууга кабыл алуу, ошондой эле окуучулардын тамак-аш жана жашоо шарттары боюнча көйгөйлөр да катталган.
Сурамжылоого катышкан окуучулардын көпчүлүгү светтик билим алуу мүмкүнчүлүгү чектелүү экенин жана укуктарын коргоо жолдору тууралуу жетиштүү маалыматка ээ эмес экенин билдиришкен.
Аныкталган кемчиликтер боюнча Акыйкатчы тиешелүү мамлекеттик органдарга сунуштарды жөнөттү. Алардын арасында медреселердин бирдиктүү маалымат базасын түзүү, окуу программаларын мамлекеттик стандарттарга ылайыкташтыруу жана көзөмөлдү күчөтүү чаралары бар.
Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, Акыйкатчынын сунуштамасынын негизинде 28 прокурордук чара көрүү актысы кабыл алынып, 9 кызмат адамы тартиптик жоопкерчиликке тартылган.