5 жылда Бишкек жол кырсыктарынан 15 млн долларга жакын чыгым тартты

/ Экономика / 8
Бишкекте акыркы беш жылда жол кырсыктарынан келген түз экономикалык зыян дээрлик 14,7 млн долларды түздү. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо улуттук институтунун улук илимий кызматкери Елена Тен жол кыймылынын коопсуздугу боюнча тегерек столдо билдирди.

Изилдөөгө ылайык, жол кырсыктарынан улам борбор калаада 16 миңден ашуун потенциалдуу өмүр жылы жоголгон. Эң чоң жоготуулар эмгекке жарамдуу курактагы эркектердин өлүмүнө байланыштуу.

Адистин айтымында, Кыргызстанда жыл сайын орто эсеп менен 6–7 миң жол кырсыгы катталып, алардын болжол менен 10 пайызы адам өлүмү менен аяктайт.

Өлүмдүн эң жогорку көрсөткүчү 20–24 жаштагы эркектер арасында катталса, андан кийинки тобокелдик тобуна 40 жаш чамасындагы жарандар жана улгайган адамдар кирет.

Саламаттык сактоо министрлиги жол кырсыктарынын кесепеттерин жоюудан көрө, алдын алууга басым жасоону көздөөдө. Бул үчүн жол кырсыктарынан болгон өлүм, жаракат жана майыптык боюнча бирдиктүү маалымат базасын түзүү, тобокелдик факторлорун талдоо жана көрүлүп жаткан чаралардын натыйжалуулугун баалоо сунушталууда.

Мындан тышкары, мектептердин айланасындагы жол инфраструктурасын коопсуз кылуу, коопсуздук курун жана шлемди колдонууну кеңейтүү, ошондой эле кырсыктан кийинки «алтын сааттагы» медициналык жардамды жакшыртуу пландалууда. Ошондой эле жол эрежесин одоно бузгандар үчүн жоопкерчиликти күчөтүү сунушу айтылды.

Бөлүшүү https://infogo.kg/5-jylda-bishkek-jol-kyrsyktarynan-15-mln-dollarga-jakyn-chygym-tartty/