⚡ШАШЫЛЫШ Шайлоо эрежеси өзгөрүп, миң агитаторго чекит коюлду

6 айда 7 миң адам алдамчылардын курмандыгы болду

/ Кылмыш жана кырсык / 7

Кыргызстанда 2026-жылдын январь-июнь айларында 19 миң 24 кылмыш катталды. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 9,7 пайызга көп.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, кылмыштуулуктун өсүшүнө негизги себептердин бири — алдамчылык фактыларынын көбөйүшү. Алты айда 7 миң 95 алдамчылык фактысы катталып, былтыркыга салыштырмалуу 1,6 эсеге өскөн.

Жалпысынан менчикке каршы кылмыштар 13,8 пайызга көбөйүп, 13 миң 331 учурду түзгөн. Бул бардык катталган кылмыштардын 70 пайызын түзөт.

Ошол эле учурда уурулук, каракчылык жана талап-тоноо фактылары азайган. Мисалы, уурулук 25,4 пайызга төмөндөп, 4 миң 495 учур катталган.

Адамга каршы кылмыштар 30,1 пайызга өсүп, 2 миң 306 учурга жеткен. Ал эми баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү боюнча 602 кылмыш катталган.

Аймактар арасында кылмыштуулуктун эң чоң өсүшү Баткен облусунда — 66,8 пайыз, Нарын облусунда — 53,6 пайыз катталган. Бишкекте 8 миң 193 кылмыш фактысы катталса, Ош шаарында 1 миң 948 учур болгон.

Бөлүшүү https://infogo.kg/6-ajda-7-min-adam-aldamchylardyn-kurmandygy-boldu/