“75чилердин иши” боюнча апелляция 10-августта карала баштайт

/ Саясат / 55

“75чилердин каты” боюнча сегиз адамга чыгарылган өкүмгө каршы жазылган апелляциялык арызды Бишкек шаардык соту 10-августта карай баштайт. Бул тууралуу айыпталуучулардын бири Курсан Асановдун адвокаты Чынара Жакупбекова билдирди.

3-августта прокурорлор да Биринчи май райондук сотунун өкүмүнө каршы апелляциялык арыз берген. Ага чейин Камчыбек Ташиев менен Курманкул Зулушевдин жактоочулары да жогорку инстанцияга кайрылышкан.

Эске салсак, 2-июлда Биринчи май райондук соту “75чилердин каты” боюнча өкүм чыгарган. Сот Камчыбек Ташиевди, Нурланбек Тургунбек уулун, Курманкул Зулушевди, Бекболот Талгарбековду, Эмилбек Узакбаевди, Курманбек Дыйканбаевди, Аалы Карашевди жана Курсан Асановду “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, төрт жылдан эркинен ажыраткан.

Ошол эле учурда сот аларды “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча актап, үч жылдык пробация колдонгон. Натыйжада айыпталуучулар камакка алынбай, эркиндикте калган. Ошондой эле өкүмгө ылайык, алардын мүлкү мамлекеттин пайдасына өткөрүлмөкчү.

Бөлүшүү https://infogo.kg/75chilerdin-ishi-bouncha-apellyaciya-10-avgustta-karala-bashtajt/