УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев «75чилердин каты» боюнча чыгарылган сот өкүмүнө каршы даттанды. Бул тууралуу анын жактоочусу Икрамидин Айткулов билдирди.
Белгилей кетсек, июль айынын башында Бишкектин Биринчи май райондук соту Ташиевди аталган иш боюнча күнөөлүү деп таап, төрт жылга эркинен ажыратуу жана мүлкүн конфискациялоо чечимин чыгарган. Бирок ага үч жылдык пробациялык көзөмөл белгиленип, жаза өтөөдөн бошотулган.
Иш мурдагы аткаминерлер, депутаттар жана коомдук ишмерлер кол койгон, мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү сунушталган кайрылууга байланыштуу болгон.
Бул иш боюнча мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушев, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу жана катка кол койгон дагы беш адам да соттолгон.
Апелляциялык арыз Бишкек шаардык сотуна берилди. Аны кароо болжол менен эки айга созулат.