Бишкекте 8 жаштагы кыздын кулагындагы алтын сөйкөсүн жулуп кеткен аял кармалды. Бул тууралуу милиция билдирди.
Маалыматка караганда, окуя 12-августта саат 15:00 чамасында Гоголь көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринин короосунда болгон.
Белгисиз аял 2018-жылы төрөлгөн кызга жакындап, кулагындагы алтын сөйкөлөрүн чечип алып, изин жашырып кеткен. Зер буюмдардын баасы 40 миң сом болгон.
Факты боюнча Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси («Каракчылык») менен кылмыш ишин козгогон.
Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө шектүү катары 2005-жылы туулган С.Т. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Шектүү сөйкөлөрдү кайда сатканын айтып берген. Аларды сатып алган жарандар зер буюмдарды милицияга өз ыктыяры менен өткөрүп беришкен.
Мындан тышкары, кармалган аялдын ушул сыяктуу башка кылмыштарга тиешеси болушу мүмкүн экени аныкталууда. Учурда текшерүү иштери жүрүп жатат.