Бишкектин Октябрь районунда электр тогуна урунуп каза болгон 9 жаштагы баланын өлүмү боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 26-июль күнү саат 20:13 чамасында Октябрь райондук сотунун имаратынын маңдайында катталган. Жашы жете элек баланын электр тогуна урунганы тууралуу билдирүү түшкөн.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 272-беренеси («Тоо-кен, курулуш же башка иштерде коопсуздук эрежелерин бузуу») менен кылмыш иши козголду.
Учурда милиция окуянын бардык жагдайларын аныктоо үчүн тергөө жана процессуалдык аракеттерди жүргүзүүдө. Тергөөнүн жыйынтыгында тиешеси бар адамдардын аракетине укуктук баа берилет.
Эске салсак, кайгылуу окуя Бишкектин 6-кичи районундагы Айтиев көчөсүндө болгон. 9 жаштагы бала башка балдар менен бетон арыкта ойноп жаткан учурда электр тогуна урунган. Калган балдар кооптуу жерден качып кетүүгө жетишсе, ал электр тогунун таасирине кабылган.
Жабырлануучу ооруканага оор абалда жеткирилип, комага түшкөн. Кийинчерээк анын апасы социалдык тармак аркылуу уулу каза болгонун билдирген.