Бишкектеги Аалы Токомбаев проспектинде шаарды Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммитине даярдоонун алкагында масштабдуу жашылдандыруу иштери жүрүп жатат. Бул аймакка жалпысынан 600дөн ашык бак отургузуу пландалууда.
Бишкек мэриясынын маалыматына ылайык, иштер Чортеков көчөсүнөн Алыкулов көчөсүнө чейинки бөлүктө жүргүзүлүүдө. Учурда жолдун ортосундагы тилкеде топурак даярдалып, заманбап автоматтык сугаруу системасы орнотулду.
«Бишкекжашылкурулуш» муниципалдык ишканасынын адистери жабык тамыр системасы бар 160 түп чоң акацияны отургузуп бүтүштү. Жаш бактарды катуу шамалдан коргоо үчүн алардын сөңгөктөрү мүшөк кездеме менен оролуп, атайын тирөөчтөргө бекитилди.
Жашылдандыруу иштеринин жүрүшү менен Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев таанышты. Ал тиешелүү кызматтарга жаңы отургузулган бактарды үзгүлтүксүз сугарууну жана талаптагыдай кароону тапшырды. Мындай чаралар көчөттөрдүн жакшы тамыр алып, өсүп кетишине шарт түзөт.
Бак отургузуу иштери аяктагандан кийин проспекттин аймагына газон төшөлүп, бир жылдык гүлдөр тигилет. Ошондой эле аймакты көрктөндүрүү жана иретке келтирүү иштери улантылат.