Адам өлтүрүү жана зордуктоо үчүн соттолгон жаран баңгизатка мас абалда жакындарын өлтүрөм деп коркуткан

/ Кылмыш жана кырсык / 4

КР УКМК тарабынан баңгизаттарды мыйзамсыз сатып алуу жана сактоо, ошондой эле жакын туугандарына карата коркутуу фактысы боюнча 1970-жылы туулган И.Д.Д. аттуу жаран кармалды.

УКМКнын маалыматына караганда, шектүү оор жана өзгөчө оор кылмыштар, анын ичинде адам өлтүрүү, тоноо, зордуктоо жана бейбаштык үчүн алтыдан ашык жолу соттолгон. Ал жалпы 35 жылдан ашуун убакытты эркиндигинен ажыратуу жайларында өткөргөн.

Маалыматта айтылгандай, эркиндикке чыккандан кийин да ал баңгизаттын таасири астында жакын туугандарын өлтүрүп же зыян келтирем деп бир нече жолу коркутуп келген.

Анын жашаган жеринде тинтүү жүргүзүү учурунда ири өлчөмдө баңгизат каражаттары табылган. Медициналык текшерүүдө да организминен баңгизат заттары аныкталып, лабораториялык изилдөө менен тастыкталган.

Кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда кылмыш ишинин бардык жагдайларын аныктоо боюнча тергөө иштери уланууда.

Бөлүшүү https://infogo.kg/adam-olturuu-jana-zorduktoo-uchun-sottolgon-jaran-bangizatka-mas-abalda-jakyndaryn-olturom-dep-korkutkan/