Эсептөө палатасы Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгын жарыялады. Текшерүү учурунда жалпы суммасы 722 миллион 908,6 миң сомду түзгөн финансылык мыйзам бузуулар жана кемчиликтер аныкталган.
Палатанын маалыматына ылайык, калыбына келтирилүүгө тийиш болгон 614,8 миллион сомдун 560 миллион сомдон ашыгы жана 3,8 миң доллар бюджетке кайтарылды.
Аудит учурундагы эң ири мыйзам бузуулар бюджетке түшүүгө тийиш болгон кирешелердин өз убагында чегерилбегенине байланыштуу болгон. Мындан тышкары министрликтин ички финансылык тартибинде дагы бир катар олуттуу кемчиликтер табылган.
Тактап айтканда:
— кызматкерлердин эмгек акысына жана башка төлөмдөргө белгиленген ченемден ашык 47,8 миллион сом жумшалган;
— товардык-материалдык баалуулуктар боюнча 7,7 миллион сомдук ашыкча чыгым аныкталган;
— бухгалтердик эсептеги каталар жана дебитордук карыздарды эсепке алуудагы мыйзам бузуулар 42 миллион сомду түзгөн;
— курулуш иштеринин көлөмүн негизсиз көбөйтүү боюнча 5 миллион сомдон ашык каражат аныкталып, ал толугу менен бюджетке кайтарылган;
— мамлекеттик инвестициялык долбоорлордо ЕАЭБ келишимдеринин талаптарын бузууга байланыштуу 13,8 миллион сомдук мыйзам бузуулар катталган.
Аудиттин жыйынтыгы менен Эсептөө палатасы министрликке аныкталган мыйзам бузууларды толук жоюу, калган каражаттарды бюджетке кайтаруу жана финансылык тартипти күчөтүү боюнча жазма көрсөтмөлөрдү жана сунуштамаларды жөнөттү.