Бишкекте социалдык тармак аркылуу мыйзамсыз митингге чакырык жасоого шектелген 23 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу милиция билдирди.
Маалыматка ылайык, кызматкерлер соцтармактарга мониторинг жүргүзүү учурунда Slivy_telegramm (мурдагы beksultankg99) аккаунтун аныктаган. Анда Кытай жарандарына карата терс маанайдагы билдирүүлөр жана «Ала-Тоо» аянтында мыйзамсыз акция өткөрүүгө чакырыктар жарыяланган.
Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү О.А. милицияга жеткирилген. Анын iPhone 14 Pro телефону, дагы үч уюлдук аппараты жана ноутбугу алынган.
Биринчи май райондук соту шектүүнү эки айга камакка алуу чечимин чыгарды.