Амангелдиев: Мигранттарсыз азыркы экономикалык өсүштү сактоо кыйын

/ Коом / 3

Кыргызстанда жумушчу күчүнүн тартыштыгы күчөп жаткандыктан, өлкөгө көзөмөлдөнгөн эмгек миграциясы керек. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев 24.kg басылмасына берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, чет элдик жумушчулардын көбөйүшү өлкөдөгү экономикалык активдүүлүк, жолдордун, темир жолдордун, социалдык жана коммерциялык объектилердин курулушу менен байланыштуу.

«Биз жумушчу күчүн өздүкү жана бөтөн деп бөлбөйбүз. Баары Кыргызстандын мыйзамдарын сакташы керек. Эрежелерге баш ийбегендер жарандыгына карабастан өлкөдөн чыгарылат», — деди Амангелдиев.

Чет жерде иштеген кыргызстандыктар азайган

Биринчи вице-премьердин маалыматына ылайык, негизги капиталга салынган инвестициялар 168 пайызга өскөн. Ошол эле учурда чет өлкөлөрдө иштеген кыргызстандыктардын саны 2021-жылдагы 680 миңден 2026-жылы 380 миңге чейин кыскарган.

Өлкө жарандарынын көбү Кыргызстанда жумуш менен камсыз болуп, курулуш жана башка тармактарда кошумча жумушчу күчүнө болгон суроо-талап көбөйгөн.

Амангелдиевдин айтымында, чет элдик жумушчулар тартылбаса, Кыргызстан азыркы курулуш темпин жана экономикалык өсүштү сактай албай калышы мүмкүн.

Чет элдиктер үчүн квоталар конкреттүү долбоорлорго жараша берилип, экономиканын муктаждыгына карата көбөйтүлөт же кыскартылат.

Ксенофобия инвесторлорду чочутушу мүмкүн

Амангелдиев социалдык тармактарда чет элдиктерге, анын ичинде Кытай жарандарына карата терс жана ксенофобиялык пикирлер көбөйгөнүн белгиледи.

«Адамдарды улутуна карап бөлбөшүбүз керек. Мыйзамды сактаган адамдар жана мыйзам бузгандар бар», — деди ал.

Анын пикиринде, чет элдиктерге карата негизсиз терс мамиле Кыргызстанга каражат салууну көздөгөн инвесторлорду чочутушу мүмкүн.

Кытай жарандары жерлерди массалык сатып алган эмес

Данияр Амангелдиев Кытай жарандары Кыргызстандагы жерлерди, батирлерди жана үйлөрдү массалык түрдө сатып алып жатат деген маалыматты четке какты.

Ал чек арага жакын жайгашкан жерлер чет элдиктерге сатылбай турганын жана ижарага берилбей турганын эске салды.

Анын айтымында, өкмөт инвесторлорду улутуна карап бөлбөйт. Негизги талап — долбоор мамлекетке жана инвесторго өз ара пайдалуу болушу керек.

«Өлкөнү жаап, өз калкыбыздын мүмкүнчүлүгү менен гана жашоого болот. Бирок анда азыркыдай экономикалык өсүш болбойт», — жыйынтыктады Амангелдиев.

Бөлүшүү https://infogo.kg/amangeldiev-migranttarsyz-azyrky-ekonomikalyk-osushtu-saktoo-kyjyn/