«Андай сумма жок»: Жапаров $4 млрд тууралуу чындыкты айтты

/ Бийлик / 494

Президент Садыр Жапаров Кыргызстан коррупция менен күрөштүн эсебинен $4 млрд алган эмес деп билдирди. Анын айтымында, буга чейин кайтарылган каражаттар жана мүлктөр боюнча айтылган айрым суммалар көбөйтүлүп көрсөтүлгөн.

Бул тууралуу мамлекет башчысы журналист Али Токтакуновго берген маегинде айтты.

Жапаров мурдагы УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге кайтарылган каражаттарды так жана реалдуу көрсөткүч менен айтууну бир нече жолу эскерткенин билдирди.

Президенттин айтымында, кийин кайтарылган активдердин жалпы баасы 300 млрд сомго чейин жеткени айтылган. Бирок айрым мүлктөрдүн баасы рыноктук наркынан бир нече эсе жогору бааланган.

Мисалы, базардагы баасы $100 миң болгон батир мамлекетке өткөрүлүп жатканда $300 миң деп бааланган учурлар болгон. Ири объектилерде да ушундай көрүнүш орун алганын Садыр Жапаров айтты.

«$4 млрд болгон эмес. Андай сумма жок», — деди президент.

Учурда мамлекетке чындап канча мүлк өткөрүлүп, аларды сатуудан канча каражат түшкөнү такталууда. Жапаровдун маалыматына караганда, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунда дагы жүздөгөн сатылбай турган объект бар.

Президент коррупцияга каршы күрөш улана турганын белгилеп, мамлекеттик каражатка кол салгандар жоопкерчиликке тартылышы керектигин айтты.

Бөлүшүү https://infogo.kg/andaj-summa-jok-japarov-4-mlrd-tuuraluu-chyndykty-ajtty/