Apple гаджеттерин жазылуу менен берүүнү пландоодо

/ Технология / 3

Apple компаниясы iPhone жана башка түзмөктөрүн узак мөөнөттүү төлөм менен пайдаланууга мүмкүнчүлүк берген Apple Upgrade кызматын ишке киргизүүнү пландап жатат. Бул тууралуу AppleInsider Bloomberg басылмасына шилтеме берип жазды.

Маалыматка ылайык, сервис 28-июлда АКШда иштей башташы мүмкүн. Ал Apple дүкөндөрүндө жана онлайн сатып алууларда Klarna кредиттик компаниясы аркылуу жеткиликтүү болот.

Түзмөктү кайтарып же сатып алса болот

Программа төмөнкү мөөнөттөргө сунушталат:

  • iPhone жана Apple Watch — 24 айга;
  • Mac жана iPad — 36 айга.

Кардарлар ай сайын төлөп, келишим бүтө электе жаңы моделге өтө алышат. Мөөнөт аяктагандан кийин түзмөктү өзүнө калтыруу же кайтарып берүү мүмкүнчүлүгү берилет.

Катышуучулар кредиттик текшерүүдөн өтүшү керек. Айрым кызматтар үчүн кошумча комиссия алынышы мүмкүн.

Apple Watch SE, базалык iPad, iPhone 16 жана MacBook Neo программага кирбей турганы айтылууда. Кызмат корпоративдик жана билим берүү мекемелеринин кардарларына сунушталбайт.

Бөлүшүү https://infogo.kg/apple-gadjetterin-jazyluu-menen-beruunu-plandoodo/