Бишкек шаарында «Бакыян-Асылбек Ата» дүң базары расмий түрдө ишин баштады.
Базардын негизги максаты жергиликтүү фермерлерди, өндүрүүчүлөрдү жана ишкерлерди бириктирип, продукцияны ортомчусуз сатып алуучуларга жеткирүү жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү.
Базарда кеңири соода аянттары, унаа токтотуучу жайлар, муздаткыч жана товар сактоочу кампалар, логистикалык кызматтар каралган. Ошондой эле экспорт-импорт операцияларын жүргүзүүгө шарт түзүлөт.
Ишкананын жетекчиси Чынара Мамажакыпованын айтымында, Кыргызстандын сапаттуу продукциясын тышкы рынокторго чыгаруу, жаңы жумуш орундарын түзүү жана өлкөнүн экспорттук потенциалын жогорулатуу.
Базардын ачылыш аземине Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, ишкерлер, фермерлер жана Орусия, Казакстан, Өзбекстан сыяктуу өлкөлөрдөн келген өнөктөштөр катышты.
«Бакыян-Асылбек Ата» дүң базары Бишкектин Свердлов районундагы Биримдик-Кут конушу, 2-көчө, 181/1 дарегинде жайгашкан.