Кыргызстанда 2026/2027-окуу жылына карата 123,7 миңден ашык бала биринчи класска катталды. Бул тууралуу 1mektep.edu.gov.kg порталындагы ачык маалыматтарда көрсөтүлгөн.
Өлкө боюнча биринчи класстарга жалпы 193,3 миң орун каралган. Учурда дагы 69,6 миң орун бош.
Бишкекте 2,5 миң орун калды
Бишкек шаарында биринчи класска 23,8 миңден ашык бала кабыл алынды. Анын ичинен:
- кыргыз тилинде окуткан класстарга — 12,7 миңдей;
- орус тилинде окуткан класстарга — 11,2 миңден ашык бала катталган.
Борбор калаада дагы 2,5 миң бош орун бар.
Биринчи класска электрондук каттоо 1-апрелде башталган. Алгач балдар жашаган микроучастогу боюнча кабыл алынган. Азыр ата-энелер катталган дарегине карабаган мектепти тандай алышат, бирок ал жерде бош орун болушу керек.
Каттоо август айында аяктайт. Биринчи класска 2019 жана 2020-жылы төрөлгөн балдар кабыл алынат.