«Бишкек Арена» расмий түрдө 5-октябрда ачылат

/ Коом / 23

«Бишкек Арена» стадиону расмий түрдө 5-октябрда ачылат. Бул тууралуу Президенттин Иш башкармалыгы билдирди.

Бирок жаңы стадиондо алгачкы ири иш-чара 31-августта өтөт. Бул күнү аренада VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи уюштурулат.

Аземге ШКУ саммитине катышуу үчүн Бишкекке келген бир катар өлкө башчылары да катышат.

Ошентип, 31-августтагы иш-чара стадиондун алгачкы ири иш-чарасы болсо, анын расмий ачылыш аземи 5-октябрга белгиленди.

Бөлүшүү https://infogo.kg/bishkek-arena-rasmij-turdo-5-oktyabrda-achylat/