Бишкекке жакын жерде магнитудасы 3,4 болгон жер титирөө катталды

/ Окуялар / 3

25-июлда саат 21:57де Кыргызстандын аймагында жер титирөө катталды.

КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөөнүн күчү MSK-64 шкаласы боюнча 3 баллдын тегерегинде, магнитудасы 3,4тү түздү.

Жер титирөөнүн очогу Арашан айылынан 4 чакырым батышта, Кой-Таш айылынан 6 чакырым түндүк-батышта, Байтик айылынан 6 чакырым чыгышта жана Бишкек шаарынан 17 чакырым түштүктө жайгашкан.

Калктуу аймактарда силкинүүнүн күчү Арашан айылында 2,5 балл, Кой-Таш жана Байтик айылдарында 2 балл болду.

Учурда жабыркагандар жана кыйроолор тууралуу маалымат түшө элек.

Бөлүшүү https://infogo.kg/bishkekke-jakyn-jerde-magnitudasy-34-bolgon-jer-titiroo-kattaldy/