Бишкектик жогорку класстын окуучулары көзү азиз жана начар көргөн адамдардын күнүмдүк жашоосун жеңилдетүүгө багытталган EyeSens аттуу акылдуу көз айнектин прототибин иштеп чыгышты.
Долбоордун авторлорунун айтымында, аппарат жасалма интеллекттин жардамы менен адамдын айланасындагы буюмдарды таанып, тоскоолдуктарды эскертип, тексттерди үн чыгарып окуп бере алат.
EyeSens командасы жүргүзгөн изилдөөгө ылайык, Кыргызстандагы көзү начар көргөн адамдардын 94,4 пайызы тротуарлардын жанындагы автоунаа токтотуучу жайларга байланыштуу тоскоолдуктарга туш болушат. Ал эми сурамжылоого катышкандардын 83,3 пайызы бак-дарактардын бутактарына урунуп, жаракат алганын билдирген.
Көзү азиз адамдар колдонгон таяк негизинен жерге жакын жайгашкан тоскоолдуктарды аныктоого жардам берет. Бирок адамдын башы же көкүрөгү тушундагы бутактарды, көрнөктөрдү жана башка буюмдарды алдын ала байкоо кыйынга турат. EyeSens ушул көйгөйдү чечүүгө багытталган.
EyeSens кандай иштейт?
Көз айнектин алкагына орнотулган камера айлана-чөйрөнү тартып, алынган маалыматты смартфонго жөнөтөт. Андан соң маалымат локалдык машиналык үйрөнүү моделдери жана Gemini жасалма интеллекти аркылуу иштетилет.
Натыйжаны AIris үн жардамчысы көз айнектин динамиктери аркылуу айтып берет. Мында колдонуучунун кулагы ачык бойдон калып, эки колу тең бош болот.
Аппаратты башкаруу үчүн «Эй, Айрис» деген үн буйругу колдонулат.
Прототип эмнелерди жасай алат?
Учурда EyeSens көз айнеги бир нече негизги функцияны аткарат.
Объектилерди таануу. Колдонуучу «Алдымда эмне бар?» деп сураганда, система буюмдарды аныктап, айлана-чөйрөнү үн аркылуу сүрөттөп берет.
Тексттерди окуу. Көз айнек орус жана англис тилдериндеги көрнөктөрдү, документтерди, менюларды жана башка тексттерди окуй алат.
Офлайн иштөө. Интернет байланышы жок учурда объектилерди автономдуу таануу функциясы эксперименталдык режимде иштейт.
Жаш ойлоп табуучулар долбоорун Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешевге да көрсөтүп, акылдуу көз айнектин мүмкүнчүлүктөрүн тааныштырышты.
EyeSens долбоорун Байаман Ажимырзаев, Канат Тынчтыкбеков, Аманат Эрмаматов жана Султанмурат Эркинбеков иштеп чыккан. Командага Ботокөз Сооронбаева кураторлук кылган.