Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев Ferienjob программасынын алкагында эмгек келишимдери мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, оор кырдаалга кабылган кыргызстандык студенттер менен жолукту.
Жолугушууда студенттердин эмгек акысы, турак жайы, салык төлөмдөрү жана жаңы жумуш табуу маселелери талкууланды.
Текебаевдин айтымында, Германиядагы компаниянын аракеттерин сот аркылуу талашып, ишти утуп чыгуу мүмкүн эмес. Себеби эмгек келишими юридикалык жактан туура түзүлгөн.
«Биз сотто утуп чыга албайбыз. Анткени келишим кемчиликсиз түзүлгөн», — деди элчи.
Жетишилген макулдашууга ылайык, 1-августка чейин Кыргызстанга кайтууну чечкен студенттерге немис компаниясы 150 евродон төлөп берет.
Мындан тышкары, иш берүүчү студенттердин иш жүзүндө иштеген сааттарын кайра эсептеп, эмгек акысын толугу менен төлөөгө милдеттенди.
Маалыматка ылайык, 30 студенттин Германиянын каржы органдарындагы документтерин тариздөөдө көйгөй жаралган. Бул маселе чечилгенден кийин компания кармалып калган салык төлөмдөрүн да кайтарып берүүнү убада кылды.
Студенттерге 1-августка чейин турак жай акысыз берилет. Эгер алардын учак билети андан кийинки күндөргө алынган болсо, компания жашоо мөөнөтүн дагы бир нече күнгө узартууга даяр.
Германияда калып, башка жумуш табууну каалаган студенттер үчүн иш берүүчү эки күндүн ичинде керектүү документтерди даярдап берет.
Элчи программага катышкан жаштарды келишимге кол коюудан мурда анын бардык шарттарын кылдат окууга чакырды.
«Максатыңар кандай болсо да учуп жетүү болбошу керек. Эгер ушундай түшүнүк менен барсаңар, анын кесепеттерине да даяр болушуңар зарыл», — деди Текебаев.
Дипломат ошондой эле кыргызстандыктарды чет өлкөлөргө сезондук жумушка жөнөткөн компанияларга карата талаптарды күчөтүү демилгесин көтөрөрүн билдирди.
Буга чейин Ferienjob жайкы иш менен камсыз кылуу программасына катышкан Кыргызстандын 150гө жакын студенти жумушсуз жана турак жайсыз калуу коркунучу жаралганын билдиришкен.
Samara Academy бул маалыматты жарым-жартылай четке кагып, студенттердин айрымдары иштеп жатканын жана программанын уюштуруучулары аларга жаңы жумуш орундарын издеп жатканын маалымдаган.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кырдаал боюнча кошумча маалыматтар түшкөн сайын коомчулукка билдирилип турарын белгиледи.