Дүйнөлүк банк Борбор Азия өлкөлөрүнө суу ресурстарын натыйжалуу башкарууга жардам берүү үчүн 20 миллион доллар грант бөлөт. Долбоордун алкагында суу пайдалануу системалары жаңыланып, санариптик эсепке алуу киргизилет жана жаңы трансчек аралык демилгелер даярдалат.
Каражат Аралды куткаруу эл аралык фондунун Аткаруу комитети аркылуу «Борбор Азияда суу ресурстарын натыйжалуу башкаруу боюнча кызматташтык» программасынын алкагында берилет.
Долбоордон түз же кыйыр түрдө аймактагы 40 миллионго жакын адам пайда көрөрү күтүлүүдө.
Суу инфраструктурасы эскирген
Азыр Борбор Азия суу тармагында бир катар көйгөйлөргө туш болууда. Алардын арасында:
- эскирген суу жана ирригациялык инфраструктура;
- мамлекеттер ортосундагы координациянын начардыгы;
- Амударья жана Сырдарья боюнча маалымат алмашуунун жетишсиздиги;
- климаттын өзгөрүшү жана мөңгүлөрдүн азайышы бар.
Маалыматка ылайык, акыркы 60 жылда Борбор Азиядагы мөңгүлөрдүн аянты болжол менен 30 пайызга кыскарган. Бул аймактагы суу менен камсыздоого түздөн-түз таасир этүүдө.
Эксперттердин эсебинде, өлкөлөр ортосундагы координациянын жетишсиздигинен аймак жыл сайын 4,5 миллиард доллардан ашык каражат жоготот.
Алты ири долбоор даярдалат
2031-жылга чейин бир нече мамлекет катышкан трансчек аралык суу инфраструктурасы боюнча алтыга чейин ири долбоор даярдоо пландалууда.
Алардын алкагында:
- ирригациялык системаларды жаңылоо;
- суу топтоочу объектилерди өнүктүрүү;
- суу ресурстарын биргелешип башкаруу;
- Амударья жана Сырдарья бассейндериндеги эсеп системаларын санариптештирүү каралган.
Ошондой эле адистерди окутууга жана аймактык уюмдардын мүмкүнчүлүктөрүн күчөтүүгө көңүл бурулат.
Дүйнөлүк банктын билдирүүсүндө суу ресурстарын туруктуу башкаруу Борбор Азиядагы экономикалык өсүшкө, айыл чарбасына жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө түздөн-түз байланыштуу экени белгиленди.