Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган негизги майрамдык иш-чаралар быйыл 31-августта эмес, 11–12-сентябрда Талас шаарында өтөт. Бул тууралуу Министрлер кабинети билдирди.
Минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев Талас облусунун 82 жылдыгына арналган иш-чарага катышып, аймакта акыркы жылдары социалдык, инфраструктуралык жана экономикалык долбоорлор ишке ашып жатканын белгиледи.
Анын айтымында, быйыл Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына карата бир катар жаңы объектилер пайдаланууга берилет. Алардын арасында «Манас Ордо» тарыхый-маданий комплекси жана «Айтматов Ааламы» маданий-мемориалдык комплекси бар.
Ошондой эле Талас аркылуу өткөн Суусамыр–Талас–Тараз жолун жаңылоо жана «Бала-Саруу» чакан ГЭСин ишке ашыруу маанилүү долбоорлордун бири экени белгиленди.
Майрамдык иш-чараларды уюштуруу боюнча жыйында мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарына Эгемендүүлүк күнүн жогорку деңгээлде өткөрүү боюнча тапшырмалар берилди.