Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Кокулов мамлекеттик кызматкерлерди социалдык тармактарда активдүү болуу менен катар түздөн-түз милдеттерин так аткарууга жана мыйзам талаптарын сактоого чакырды.
Ал 24-сентябрдагы парламент жыйынында Бишкек мэриясынын айрым кызматкерлери социалдык тармактарда активдүү экенин айтып, жолдордун сапатына байланыштуу жоопкерчилик маселесин көтөрдү.
Кокуловдун айтымында, жол оңдоо иштерин подрядчы аткарганы менен, Мэрия долбоорду даярдап, тендер өткөрүп, аткарылган иштерди кабыл алат. Ошондуктан кемчиликтер үчүн жоопкерчилик Мэрияга да тиешелүү.
«Силердин жарымыңар блогер болуп кеттиңер. Блогер болгула, ишиңерди көрсөткүлө, мен каршы эмесмин. Бирок калкка жалган жана туура эмес маалымат бербегиле», — деди депутат.
Ал мамлекеттик кызматкерлер эл үчүн иштей турганын белгилеп, өз ишин мыйзамдын чегинде аткарууга чакырды.